Биз менен байланышыңыз

«Октябрь» кинотеатры Чүй облустук театрынын карамагына өттү

Кыска кабар | 19 Июл 2023 | 249 | 0

Бишкектеги «Октябрь» кинотеатрынын имараты Чүй облустук театрынын карамагына өттү. Бул тууралуу маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, «Октябрь» кинотеатрынын имараты Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрына өткөрүлүп берилди.

Кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына кинотеатрдын, кинематография депратаментинин жана театрдын жетекчилери кол койгон.

Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын өзүнүн имараты жок болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM