Биз менен байланышыңыз

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолун асфальттоо иштери башталды

Кыска кабар | 17 Июл 2023 | 247 | 0

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунда асфальт-бетон төшөө иштери башталды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка карганда, учурда жолдун 46,960 км бөлүгүнөн жолдун 46,660 км бөлүгүнө чейин 300 метр асфальт-бетон төшөлдү.

Асфальт-бетон төшөө иштери «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №2 Жол курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылууда.

Copyright © 2017 Maral FM