Биз менен байланышыңыз

Ноокатта 3 кг баңгизат менен беш жаран кармалды

Кыска кабар | 17 Июл 2023 | 470 | 0

Ноокатта 3 кг баңгизат менен беш жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка караганада, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине баңгизатын мыйзамсыз колдонуп, сатып жүргөн жарандар тууралуу маалымат келип түшкөн. Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесин негизинде козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 26 жаштагы Ж.уулу Д. Ош шаарында кармалган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө баңгизаттарды сатуу каналдары жана аларды сактоочу жайлар аныкталып, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургундары 40 жаштагы И.Н., 39 жаштагы Б.Т., 43 жаштагы Т.М., жана 26 жаштагы О уулу А., кармалган.

Алардын үйлөрүн жана унааларын тинтүү учурунда 2 кг 869 гр өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Аталган заттарга карата соттук химиялык экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусуна ылайык алынган заттар гашиш экендиги аныкталган. Кармалган шектүүлөр Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM