Биз менен байланышыңыз

Алмаз Мамбетов кайрадан кызматка дайындалды

Кыска кабар | 15 Июл 2023 | 2764 | 0

Алмаз Мамбетов үч жылдык мөөнөткө Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын теңтөрагасы болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Алмаз Мамбетов 2022-жылы ноябрда Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулган. Ал бул кызматта бир жарым жыл иштеди.

Мамбетов 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген. Андан кийин 2019-2020-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, 2020-2021-жылы президенттин иш башкармалыгынын төрагасы кызматтарын аркалаган.

Башкы прокуратура Алмаз Мамбетовго карата Балыкчы шаарынын мэри болуп тургандагы ишмердүүлүгү боюнча төрт кылмыш иши тергелип жатканын билдирген.

Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылы 11-октябрда Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары алкагында кол коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM