Алмаз Мамбетов үч жылдык мөөнөткө Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын теңтөрагасы болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Алмаз Мамбетов 2022-жылы ноябрда Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулган. Ал бул кызматта бир жарым жыл иштеди.
Мамбетов 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген. Андан кийин 2019-2020-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, 2020-2021-жылы президенттин иш башкармалыгынын төрагасы кызматтарын аркалаган.
Башкы прокуратура Алмаз Мамбетовго карата Балыкчы шаарынын мэри болуп тургандагы ишмердүүлүгү боюнча төрт кылмыш иши тергелип жатканын билдирген.
Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылы 11-октябрда Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары алкагында кол коюлган.