Биз менен байланышыңыз

Ошто 19 жеке медициналык борбор жабылды

Кыска кабар | 14 Июл 2023 | 99 | 0

Бүгүн,14-июлда Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда, Ош шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча координациялык кеңешмесинин протоколдук тапшырмасын аткаруу боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө жеке менчик ишканалар, анын ичинде сулуулук салондор, тиш дарылоочу кабинеттер, медициналык борборлор, хижама бөлмөлөрү жана ушул сыяктуу кан менен байланышуу аркылуу кызмат көрсөткөн ишканалар тарабынан калкка кызмат көрсөтүүдөгү мыйзам бузууларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралды.
Анын жыйынтыгы менен тиешелүү кызматтарга кан аркылуу жугуучу инфекциялардын АИВ, гепатиттин алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, текшерүү учурунда медициналык кызмат көрсөткөн 19 жеке менчик мекеме жабылып, 8 ишкананын иши укук коргоо органдарына кароого жөнөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM