Биз менен байланышыңыз

Акматбек: БШК түп тамырынан өзгөрмөйүнчө айыппул салуу эч нерсени чечпейт

Кыска кабар | 14 Июл 2023 | 467 | 0

Шайлоого катышпаган жарандарга айып салуу эл аралык практикада болгону менен Кыргызстанда шайлоонун өзү ишеничтен чыгып калгандыгын жана административдик чектөөлөр эч качан пайда алып келбегендигин көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда чектөөлөрдү айланып өтүүнүн 1000 жолун таап чыгышат.

«Кыргызстанда шайлоого болгон ишенич жоголгон. Бизде жалып шайлоолордо админстративдик тоскоолдуктар көп. Эң эле биринчи маселе- каттоо маселеси. Мисалы, мен Чолпон-Атада каттоодо тургандыктан, ар бир шайлоодо ошол жакка барып келем. Бирок алыскы аймак болгон Лейлекке шайлоо үчүн барабы? Ушуга окшогон маселелерди чечип, шайлоого катышууну жеңилдетмейинче айыппул салуу менен маселе чечилбейт. Айыппул салууу тескерисинче толгон-токой маселелерди жаратып, ызы-чууга айланат. Бул мыйзам «түкүргөндөргө айыппул салуу», «тажияда мал сойгонго тыюу салуу» деген мыйзамдарга окшош болот. Ошондуктан жок дегенде катталган жериң боюнча шайлоого катышуу талабын жоюп, кайсы жерде жүрсөң, ошол жерден добуш берүүгө мүмкүнчүлүк бериш керек. Негизинде БШКнын принциптерин түп тамырынан өзгөртүш керек. Бүгүнкү күндө шайлоочулар шайлоонун жыйынтыгына ишенбегендиктен  шайлоого катышпай жатышат. Алар » бары бир ошол талапкер жеңет, менин добушум өзгөртпөйт» деген ишеничте. Мындан улам БШК өзүн түп тамырынан жаңылап, адилеттүү шайлоо өткөрмөйүнчө,  миллион сом айыппул салсаң дагы эч нерсе өзгөрбөт», — деди Акматбек.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов президенттик жана ЖК депутаттарын шайлоого катышпаган жарандарга 5 миң сомдон айып салууну сунуштаган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Copyright © 2017 Maral FM