Велосипед менен ажылык сапарга кеткен жаран кайтып келди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын 1995-жылы туулган Эрмахаммат Тожимахаммат аттуу тургуну ушул жылдын 4-майында велосипед менен ажылык сапарга аттанган.
Ал Өзбекстан, Казакстан, Грузия, Түркия жана Дубай аркылуу Саудияга жетип, мусулмандык парзын аткарып, 13-июлда 71 күн болгондо Өзбекстан аркылуу Ошко кайтып келген.
Аны Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, туугандары жана жакындары тосуп алышкан.