Марал Радиосу

Велосипед менен ажылык сапарга кеткен жаран кайтып келди

Велосипед менен ажылык сапарга кеткен жаран кайтып келди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын 1995-жылы туулган Эрмахаммат Тожимахаммат аттуу тургуну ушул жылдын 4-майында велосипед менен ажылык сапарга аттанган.
Ал Өзбекстан, Казакстан, Грузия, Түркия жана Дубай аркылуу Саудияга жетип, мусулмандык парзын аткарып, 13-июлда 71 күн болгондо Өзбекстан аркылуу Ошко кайтып келген.

Аны Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, туугандары жана жакындары тосуп алышкан.

Exit mobile version