Биз менен байланышыңыз

Эми Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциясы жасала баштайт

Кыска кабар | 13 Июл 2023 | 320 | 0

Август айында Кыргызстанда биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу (трансплантация) операциясы жасалат. Ал үчүн Түркия мамлекетинен 120 адис Бишкекке келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымына караганда, «Семетей» мейманканасы ремонттолуп, шарт түзүлүп, түркиялык дарыгерлерди жайгаштырууга даярдалды.

«Бүгүн мамлекетибизде маанилүү окуянын башталышы болду. Жакшы билесиздер, арабызда бөйрөгүнөн, боорунан жана ички органдарынан жабыркагандар бар. Алар өтө чоң суммадагы каражаттарды сарптап, чет өлкөлөргө барып операция жасатып келишет. Каржылык мүмкүнчүлүгү жоктор тек гана өмүрү менен коштошуп, тагдыры аянычтуу аяктайт. Бул көйгөй президентибиз Садыр Жапаровду көп түйшөлтүп жүргөн. Жакында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындан ары Кыргызстанда ички органдарды алмаштыруу, операция кылуу маселеси чечилди», — деп жазган ал.

Маалыматка караганда, бөйрөк жана башка ички органдарды алмаштыруу Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк «Достук» клиникасында жасалат. Операциянын болжолдуу чыгымы 7 миң доллардын тегерегинде болот. Азыр тиешелүү заманбап лабороториялары даярдалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM