Connect with us

Жарым жылда бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысына 62 млрд сом бөлүнгөн

Кыска кабар | 11 Июл 2023 | 309 | 0

2023-жылдын январь-июнь айларында эмгек акы төлөөгө 61 миллиард 964,9 миллион сом жумшалган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18 млрд 302,8 млн сомго көп, башкача айтканда 41,9%га өскөн.

Министрлик өсүш 2022-жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, бюджеттик сектордун кызматкерлеринин башка категорияларынын эмгек акысы жогорулаганы менен байланыштуу экенин билдирет.

2022-жылдын 1-апрелинен тарта социалдык кызматкерлердин, 1-августунан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмге акысы көтөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM