Connect with us

«Токтогулда» суу аз. Өкмөт лимитти көзөмөлгө алууну тапшырды

Кыска кабар | 7 Июл 2023 | 301 | 0

Министрлер кабинетинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселеси боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү. Анда айтылгандай, 2023-жылдын 1-октябрына Токтогул суу сактагычына 14,34 млрд метр куб суу топтоо пландалган. Бирок суунун агымы аз  болгонуна байланыштуу 12,4 млрд метр куб суу топтолору күтүлүүдө.

Бул үчүн электр энергияга болгон лимитти көзөмөлгө алуу тапшырылды.

«Айыл башчылары, район акимдери, облус жетекчилери, мэрлер жана тиешелүү бардык мамлекеттик мекемелердин жетекчилери «Кыргызстан улуттук тармактар» ишканасы менен биргеликте электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алгыла. Азыр жай мезгили, күн узун жарыкты үнөмдүү пайдаланалы. Борбордук көчөлөрдөгү жарыктар күн чыкканга чейин күйүп турбасын, бул мэрлерге тиешелүү. Токтогул суу сактагычындагы сууну азыртан сарамжалдуу пайдаланалы», – деди Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев.

7-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 380 млн куб метрди түздү.

Өкмөт мындан тышкары, Ош жана Бишкек шаарларындагы жылуулук электр борборлорун көмүр, мазут менен камсыздоо жана энергетикалык жабдууларды оңдоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Күз-кыш мезгилине Бишкек ЖЭБине 1,2 млн тонна көмүр керектелет, анын 550 миң тоннасы импорттолот. Ал эми, калк үчүн 1,3 млн тонна көмүр камдалышы керек.

Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБдерине керектелүүчү мазуттун көлөмү 28 миң тоннаны түзөт, ал эми жалпы ЖЭБдерге жаратылыш газын керектөө көлөмү 74,1 млн метр кубду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM