Биз менен байланышыңыз

Диплом чыры: Жаңы депутаттар кимдер болушу мүмкүн?

Кыска кабар | 7 Июл 2023 | 644 | 0

Жогорку Кеңешке Фарходбек Алимжановдун ордуна депутат болуп «Альянс» партиясынын тизмеси боюнча Элдар Абакиров келиши мүмкүн.

Ал 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо 4190 добуш алган. «Альянс» партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде кийинки орунда турат.

Элдар Абакиров 2016-жылдын май айынан 2019-жылдын июнь айына чейин экономика министринин орун басары болуп иштеген.

Ал эми «Ата журт — Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде кийинки орунда Канатбек Маматов бар. Ал акыркы парламенттик шайлоодо 4347 добуш алган. Канатбек Маматов 2019-жылы Футбол федерациясын жетектеген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, «Альянс» фракциясында аялдардын квотасы боюнча маселе да каралышы мүмкүн.

Боршайком 6-июлдагы жыйынында жасалма диплом чырына байланыштуу «Альянс» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Фарходбек Алимжановду жана «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан депутат Фархат Исмаиловдун каттоосун жокко чыгарды.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тапшырмасы менен билим берүү министрлигинде депутаттардын дипломунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын маалыматына караганда, жогорку билими тууралуу диплом Фарходбек Алимжановго ченемдик укуктук актыларды одоно бузуу менен берилген, анткени ал 2012 жана 2015-жылдары өлкөдөн тышкары жүргөндүктөн экзамендерди кайра тапшыра алган эмес, муну Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалыматы да тастыктайт.

Ал эми «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан депутат Фархат Исмаиловдун диплому боюнча комиссия буларды аныктады:

Фархат Исмаилов Кыргыз улуттук университетинин «бухгалтердик эсеп жана аудит» адистигине кабыл алынган студенттердин катарына катталган эмес.

Депутат Фарходбек Алимжанов жогорку билими тууралуу жасалма диплому бар деген маалыматтарды четке кагып, 2016-жылы ОшМУнун экономика факультетин бүтүрүп, бакалавр даражасын алганын айткан. Жогорку окуу жайды бүткөнү тууралуу дипломду мыйзамдуу алганын билдирип, БШКнын чечими негизсиз экенин айтууда.

Фархат Исмаилов да диплому жасалма эместигин билдирди. Ал Кыргыз улуттук университетинде, андан кийин өкмөткө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында окуган.

Copyright © 2017 Maral FM