Биз менен байланышыңыз

Фарходбек Алимжанов мандаты тууралуу БШКнын чечимине комментарий берди

Кыска кабар | 6 Июл 2023 | 682 | 0

Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжанов Борбордук шайлоо комиссиясынын мандатынан ажыраткан чечими боюнча комментарий берди.

Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлдагы жыйынында «Альянс» фракциясынан депутат Фарходбек Алимжановдун жана «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан депутат Фархат Исмаиловдун каттоосун жокко чыгарды. Ага чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тапшырмасы менен билим берүү министрлигинде депутаттын дипломунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча комиссия түзүлгөн.

Фарходбек Алимжанов жогорку окуу жайды бүткөнү тууралуу дипломду мыйзамдуу алганын билдирип, БШКнын чечими негизсиз экенин айтууда.

«Бул күтүлгөн чечим болчу. Менин дипломум боюнча коюлган айыптар негизсиз. Мен өзүмдүн позициямды коргойм» , — деди Алимжанов.

Билим берүү министрлигинде түзүлгөн комиссиянын маалыматына караганда, жогорку билими тууралуу диплом Фарходбек Алимжановго ченемдик укуктук актыларды одоно бузуу менен берилген, анткени ал 2012 жана 2015-жылдары өлкөдөн тышкары жүргөндүктөн экзамендерди кайра тапшыра алган эмес.

Депутат Фарходбек Алимжанов жогорку билими тууралуу жасалма диплому бар деген маалыматтарды бкга чейин да четке кагып, 2016-жылы ОшМУнун экономика факультетин бүтүрүп, бакалавр даражасын алганын айткан. 2018-жылы Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча бүтүрүп, магистр даражасына ээ болгон.

Copyright © 2017 Maral FM