Биз менен байланышыңыз

Президент Жапаровдун тууганы кармалганы тастыкталды

Кыска кабар | 6 Июл 2023 | 360 | 0

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деген шек менен президент Садыр Жапаровдун тууганы кармалганын тастыктады.

Анын маалыматына караганда, кармалган жаран Улан Жапаров. Өлкө башчы Садыр Жапаров шектүүгө карата бардык мыйзамдуу чараларды көрүүнү талап кылды.

«Муну билген соң президент Жапаров кылмышка шектүүлөргө бардык мыйзамдуу чараларды көрүүнү жеке өзү талап кылган. Бул окуя коррупцияга каршы күрөштө тандалма мамиле жок экенин дагы бир жолу көрсөтүп турат. Ар бир жаран анын үй-бүлөсүнө же башка байланышына карабастан, кылмыш же укук бузуу жасаган учурда мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Эгер иш коррупцияга байланыштуу болсо, анда келтирилген зыяндын ордун милдеттүү түрдө толтурат. Бул мамлекет башчысынын талабы», — деди Султанбаев.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары  Ысык-Көл районунун Кең-Суу айылынын тургуну 32 жаштагы Улан Жапаров Бишкектеги №1 абакка кармалганын жазышкан. Ишти Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тергеп жатканы айтылган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 24.kg агенттигине кармалган жаран 26-июлга чейин менен камакка алынганын тастыктаган. Улан Жапаров Садыр Жапаровдун аталаш бир тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу.

Copyright © 2017 Maral FM