Биз менен байланышыңыз

Президент медкызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 2 Июл 2023 | 271 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

«Мамлекеттин эң негизги байлыгы — эл-журтубуздун саламаттыгы үчүн күн-түнү күзөт кылып, жан чыдагыс ооруларга күбө болуп, кайратыңыздардан тайбай, эркиңиздерден жазбай чечкиндүүлүк менен адам өмүрү деп күрөшүп келе жатасыздар. Мамлекетибиз социалдык тармакты өнүктүрүү, жарандардын саламаттыгын чыңдоо, жашоо сапатын жакшыртуу жана өмүрүн узартууну өлкө саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын өзөгү катары карайт», — деди Жапаров.

Муну менен катар мамлекет башчысы акыркы жылдары республикалык бюджеттин жана ошондой эле эл аралык фонддордун, донорлордун эсебинен саламаттык сактоо тармагында иннновациялык долбоорлор ишке ашырылып, инфратүзүм да жакшыртылып жатканын белгиледи.

Мындан сырткары ал дарылоо ишин оптималдаштыруу үчүн дагы жаңы технологиялар, жаңы ыкмалар керек экенин, электрондук саламаттык сактоону толук кандуу ишке киргизүү менен саламаттык сактоодогу көйгөйлөрдү чечүү алда канча жеңилдешин билдирди.

«Саламаттык сактоо тармагынын инфратүзүмүн модернизациялоого, ошондой эле ооруканаларыбызды заманбап технологиялар менен жабдууга жана өлкөбүздүн кайсы бурчунда болбосун сапаттуу медицина кызматтарын көрсөтүүгө жетишүү үчүн медицина тармагына инвестиция салуу – башкы максатыбыз. Ошондо гана жалпы журтубуздун, айрыкча, алыскы аймактардагы элибиздин сапаттуу медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн толук камсыздай алабыз», — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Copyright © 2017 Maral FM