Биз менен байланышыңыз

Президент Жапаров куткаруучуларды кесиптик күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 1 Июл 2023 | 142 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда куткаруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады.

Садыр Жапаровдун айтуусунда, тоолуу аймакта жайгашып, ар кандай табият кырсыктары болуп турган Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдар министрлиги, анын ичинде куткаруу кызматы, улуттук коопсуздук тутумунда өзгөчө орунду ээлейт.

Ошондуктан мамлекет тарабынан өзгөчө кырдаалдарды, жаратылыш кырсыктарын алдын алууга жана куткаруу иштеринде зарыл болгон керектүү техника менен камсыз кылууга басым жасалууда. Мындан сырткары, куткаруучуларды ар тараптан колдоо аракеттери улантылат.

Кыргыз куткаруучулары ыкчам жана берилип иштегени менен өзгөчөлөндү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM