Биз менен байланышыңыз

Чүйдүн дыйкандары суу тартыштыгынан эгин күйүп кеткенин айтышты

Коом | 30 Июн 2023 | 581 | 0

«Маралдын» редакциясына Чүй облусунун дыйкандары кайрылып, суу тартыштыгынан эгиндери күйүп, түшүмдүүлүк азайып кеткенин айтышты. Чөп да мурункудай чыкпай, башка жактардан сатып алууну ойлонушууда. Андан улам чөптүн баасы эки эсе кымбаттап кеткен. Айрыкча Токмок шаарынын айланасындагы айылдарда тоют камдоо кыйынчылык жаратып, көйгөйдү мамлекеттик деңгээлде чечип берүүсүн өтүнүшүүдө. 

Чүй районунун Ак-Бешим айылынын тургуну Нурлан Токтогонов 12 жылдан бери дыйканчылык менен алектенет. Быйыл ал 2 гектар жерге жүгөрү айдап, убагында сугарылбаганы үчүн жарымы кургап калган.

Мындан сырткары ал суу жетишсиздиги чөпкө да таасирин тийгизип, былтыркыга салыштырмалуу быйыл эки эсе кымбаттаганын айтты.

«Быйыл жүгөрү сепкем. Бирок алар кургап, сабактары эле калды. Эмне кылышымды билбей жатам. Жалпысынан жүгөрү себүүгө 58 миң сом кетти. Урук, карбамид, жер семирткичтерди алгам. Бирок азыркы күндө жарымынан көбү куурап калды. Сабактары эле турат, жалбырактары да кургап калыптыр. Бүгүн эле суу алдым. Сугарып көрөйүн деп жатам. Түшүм алынбаса, кайра айдатам. Быйыл 580 түк чөп сатып алдым. Бир түгү 320 сомдон сатылып жаткан. Жакында эле базарга барсам, 400 сомго кымбаттаптыр. Былтыр 180 сомдон болчу. Суу тартыштыгынан чөп да кымбаттап, малы көптөргө кыйын болду».

Жаңы-Жол айылынын тургуну Эрнис Мусабаев 20 жылдан бери дыйканчылык менен алектенет. Ал суу тартыштыгынан улам түшүм азайып, айдоо-себүүгө короткон акча акталбай жатканын айтты.

Буга чейин дыйкандар бир канча жолу чогулуп, айыл өкмөткө кайрылып, суу көйгөйүн чечип берүүнү суранышкан. Бирок андан майнап чыккан эмес.

«Көп жерлерге суу жетпей, күйүп кетти. Биздин айылда эле он бештей адамдын жери күйүп, аябай кыйналып жатышат. Көбү насыя алып айдашкан. «Аны кантип төлөйбүз?» деп ойлонуп жатышат. Мен жүгөрү, арпа септим. Жүгөрү күйүп кетти. Жерлерибиз бүгүнкү күнгө чейин суу иче элек. Көп эле каражат сарпталды. Азыркы учурда Европадан жүгөрүнүн уруктарын кымбат баада сатып алып жатабыз. Уруктардын өзү эле кымбат. Аны караганга, жер семирткичтерди алганга да бир топ каражат кетет. Ал эми чөп боюнча айтсам, мурда бир гектардан 250дөй түк алсак, азыр 60-70 эле түк чогултуп жатабыз».

Өткөн жылы да Чүй облусунун дыйкандары сугат суу жетпей жатканын айтып, өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акцияга чыгышкан. Мунун себебин айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков күндүн ысышы жана курулган каналдардын эскиргени менен түшүндүргөн.

Ак-Бешим айыл өкмөтүндөгү «Алпы» суу пайдалануучулар ассоциациясынын директору Талгат Шамшиев буга чейин өкмөткө бир канча жолу кайрылышканын, маселени чечүү максатында бир катар иштерди аткарышканын айтат.

«Күн сайын эле суу талаш болуп жатат. Бүгүн айыл өкмөт башчысы да келди. Дыйкандар менен чогуу жолугушуу өткөрдүк. Атайын комиссия түзүлүп, карап жатышат. Сууну беребиз деп жатышат. Биздин ассоциация жеке менчик, биз элге суу айдап беребиз. Өкмөт сууну өзү бербей жатат. Буга чейин да ушунча суу керек болуп жатат деп буйрутма берип келгенбиз. Сууну айландыргыла деп коюшкан. Ушинтип жатып, жайдын биринчи айы да бүтүп калды».

Быйыл Бишкек шаарында жана Чүйдүн айланасында суу маселеси курч бойдон турат. Негизи өлкөдө жыл сайын жазында дыйкандарды сугат суу маселеси түйшөлтөт. Дыйкандар эгин өз убагында, жеткиликтүү сугарылбаса, түшүм начар болуп, баасы да төмөн болорун айтышат.

Былтыр да күн жылыган мезгилде сугат суу таңкыс болуп, айрым аймактарда эгин күйүп кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM