Биз менен байланышыңыз

Опера-балет театры жыл жыйынтык концертин ачык асман алдында өткөрөт

Кыска кабар | 30 Июн 2023 | 248 | 0

Бүгүн, 30-июнда саат 19:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры 80 жылдык юбилейлик театралдык сезонунун жыйынтыктоочу гала-концертин берет. Иш-чара имараттын сыртында ачык асман алдында болот.

Концертте опера жана балет сахнасынын чеберлери, академиялык хор, театрдын симфониялык оркестри дүйнөлүк жана улуттук опера, вокалдык классиканын чыгармаларын аткарат. Балет бийчилери классикалык жана заманбап хореографиянын номерлерин тартуулашат.

Дирижёрлор: Захар Бутенко, Урмат Тентимишов, Семетей Султанов.

Концерттин режиссёру: Жыпара Ибраимова, башкы балетмейстер: КР эмгек сиңирген артисти Канат Надырбек, башкы хормейстер: КР эл артисти Карагул Тиленчиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM