Connect with us

1-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 30 Июн 2023 | 413 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 1-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+35,

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +29…+34,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27.

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүшү мүмкүн, күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +33…+35 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM