Биз менен байланышыңыз

Кинорежиссёр Михаил Дудников жол кырсыгынан каза тапты

Кыска кабар | 30 Июн 2023 | 270 | 0

Бишкекте унаа сүзүп кетип каза болгон жаран кинорежиссёр Михаил Дудников экени аныкталды.

Милициянын кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, окуя кечээ, 29-июнда Жибек-Жолу менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде саат 16:40та болгон. Дудников жөө өтмөктөн өтүп бара жатканда «Хюндай Санта Фе» унаасы сүзүп кеткен.

Кинорежиссёр Михаил Дудников 1948-жылы туулган.

Ал «Взлет Калии Токтогуловой», «Урок на завтра», «Пришелец», «Кому сеять завтра?», «Экскурсия» жана башка даректүү тасмаларды тарткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM