Connect with us

Казакстан суу боюнча Кыргызстан жана Өзбекстан менен түзгөн келишимди кайра карап чыгат

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июн 2023 | 2824 | 0

Казакстан ушул жылдын аягына чейин суу боюнча Кыргызстан жана Өзбекстан менен түзүлгөн келишимди кайра карап чыгууну пландап жатат.

Сыр-Дарыянын суу ресурстарын пайдалануу боюнча келишимди өзгөртүү тууралуу 2023-2029-жылдарга болжолдонгон суу ресурстарын башкаруу концепциясында сөз болгон.

Документте жарыяланган кыска маалыматта, суу боюнча азыркы иштеп жаткан келишим 1998-жылы кабыл алынган. Ал келишим Сыр-Дарыянын суу ресурстарын пайдаланууну тартипке салган.

«Иштеп жаткан келишимге ылайык, ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергиясынын эң көп бөлүгү Кыргызстан менен Өзбекстан пайдаланат. Ал эми сууну агызганы үчүн Кыргызстан кошуналардан энергоресурстарды, каржылык жана соода кызматтарын алат», — деп жазат өзбекстандык басылма.

Казакстан аймактагы суу таңкыстыгы күчөп, көйгөйгө айланып баратканына байланыштуу бул келишимди өзгөртүүгө аракет кылышы мүмкүн.

Метереологдордун айтымында 2040-жылга барып Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүндө суу ресурстарга болгон талап 2,8 эсе артышы мүмкүн. 2050-жылдарга барып Сыр-Дарыя 15%га тайыздап кетет деген да божомолдор бар.

Азырынча Казакстан өзгөртүүнү көздөп жаткан документтин толук мазмуну белгилүү эмес.

Copyright © 2017 Maral FM