Connect with us

663 медикке «Саламаттык сактоонун отличниги» төш ​​белгиси тапшырылды

Кыска кабар | 30 Июн 2023 | 270 | 0

Бишкекте медицина кызматкерлеринин күнүн салтанаттуу майрамдоонун алкагында 663 медицина кызматкерине «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун отличниги» төш белгиси тапшырылды.

Мындан тышкары 525 медицина кызматкери кесиптик мыкты көрсөткүчтөрү үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө жакынкы 2-3 жылдын ичинде оорукана, эмкананын баары жаңыланып, медициналык жабдуулар модернизацияланып, окутууга жана квалификацияга талаптар күчөтүлүп, дары-дармектер менен камсыздоодо баа саясаты жөнгө салынып, электрондук медицина өнүктүрүлүп, медицинадагы коррупция токтотуларын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM