Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш «Элдик курултай» мыйзамын жактырды

Кыска кабар | 29 Июн 2023 | 197 | 0

Бүгүн, 29-июнундагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзам долбоору тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.

Конституциялык мыйзам долбоору Конституциянын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашырууга багытталган.

Мыйзам долбоору президенттин демилгесинин негизинде жазылган. Бул долбоорду карап чыгуу боюнча ар бир фракциядан бирден депутат катышкан жумушчу топ түзүлүп, алар 22 беренени 15ке чейин кыскарткан.

Өткөн жылы «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам кабыл алынбай туруп, мыйзам бузуу менен биринчи элдик курултай өткөн.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM