Биз менен байланышыңыз

Арча-Бешик: 5 миңдей абоненттин суу үчүн төлөмү кайра эсептелди

Кыска кабар | 29 Июн 2023 | 192 | 0

Июнь айында «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы Арча-Бешик конушунун 5 миң 504 абонентинин убактылуу ичүүчү суусу жок болгон мезгили үчүн төлөмдөрүн кайра эсептеп чыкты.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, кайра эсептөө иштери абоненттердин сууга жана саркынды сууга ай сайын төлөнүүчү төлөмдү, дебитордук карызды жана кайра эсептөө жөнүндө маалыматты камтыган квитанцияларды берүү жолу менен жүргүзүлгөн.

«5 миң 504 абоненттин ичинен 1 400ү чарбалык тилкелерди түнкү сугаруу кызматына төлөшкөн. Бул каражаттар муздак суу жана канализация үчүн келечектеги абоненттик төлөмдөргө которулат. Эгерде абоненттердин суроолору болсо же кошумча маалымат алууну каалашса, 1533 кыска номерине кайрылууга болот», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Арча-Бешик конушунда 7 миң 72 абонент жашайт. Кайра эсептөө 5 миң 504 абонентке жүргүзүлгөн. Ал эми калган 1 миң 568 абонентке ичүүчү сууга чектөө киргизилген эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM