Биз менен байланышыңыз

30-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 29 Июн 2023 | 196 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 30-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 28…32;

Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27 градус жылыйт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 20…30 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM