Connect with us

Эми Улуттук банктын кирешелери өлкөнүн бюджетине түшөт

Кыска кабар | 29 Июн 2023 | 337 | 0

Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кирешесин которуу маселелери жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси — министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору Улуттук банктын кирешесин 2022-жылдын акырына карата токсон пайыз өлчөмүндө республикалык бюджеттин кирешесине которуу жолу менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан.

Бул ченем республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн бюджеттин чыгашаларын каржылоо үчүн Улуттук банктын кирешесинин токсон пайызын камсыз кылууга мүмкүндүк берери айтылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM