Биз менен байланышыңыз

Базаркулов 9-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды

Кыска кабар | 29 Июн 2023 | 184 | 0

“Альфа Телеком” ЖАКтын мурдагы башкы директору Азат Базаркулов 9-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камалды.  Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Буга чейин «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун сатып алуулар системасында мыйзам бузуулар болгону далилденген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети берген маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгү (коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен иш ачылып, коррупциялык схемаларды кайра аныктоо үчүн компанияга текшерүү жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө «Альфа Телекомдун» жооптуу кызматкерлери жеке компаниялар менен сүйлөшүп алып, жеңилдетилген шарттарды алдын ала даярдап, тендерлерде көп учурда ошол компаниялар ута тургандай жеңишти камсыз кылып турушканы тастыкталган.

Тиешелүү экспертиза сатылып алынган техниканын баасы жогорулатылганы, анын натыйжасында мамлекетке миллиондогон сом зыян келтирилгени боюнча корутунду берген.

Алынган далилдердин негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинде каралган кылмышты жасоого шектелген Б.А.Т. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө жүрүп жатат.

«Альфа Телеком» же азыркы «Мега» компаниясын 2021-жылдын 16-мартынан 2022-жылдын сентябрь айына чейин Азат Базаркулов жетектеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM