Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан кургатылган мөмө-жемиштерди эң көп Орусияга экспорттоду

Кыска кабар | 19 Июн 2023 | 48 | 0

Быйыл январь-апрель айларында Кыргызстандан кургатылган мөмө-жемиштердин жана жаңгак аралашмаларынын экспортунун 69% Орусияга жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, кургатылган жемиштерди жана жаңгак аралашмаларын чет өлкөгө экспорттоонун жалпы көлөмү төрт айдын ичинде 30%га, 2,7 миң тоннага чейин кыскарган. Анын 1,9 миң тоннасы Орусияга экспорттолгон.

Акчалай алганда Орусияга кургатылган жемиштерди жана жаңгак аралашмаларын жеткирүү 7,9 млн. долларды түзгөн, же килограммы орто эсеп менен 4,2 доллар болгон.

Товарлардын бул тобунун экспорту:

  • Германия — 410,3 тонна;
  • Түркия – 234,7 тонна;
  • Казакстан — 136,5 тонна;
  • Кытай – 22,3 тонна;
  • Монголия – 13,8 тонна;
  • Нидерланды – 12,5 тонна;
  • АКШ — 5,7 тонна;
  • Беларусь — 0,2 тоннаны түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM