Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө эң көп колдонулган тилдердин рейтинги жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июн 2023 | 246 | 0

Германиянын Statista маркетинг мааалыматтык компаниясы атайын изилдөө өткөрүп, дүйнөдө эң көп колдонулган тилдердин рейтингин түздү.

Рейтингдин сап башына англис тили чыкты. Англис тилин жер жүзүндө 1,5 миллиардга жакын адам сүйлөйт. Андан тышкары дүйнөнүн 40 өлкөсүндө расмий тил деп эсептелет. Анан калса, адамдар эң көп үйрөнгүсү келген тил да болуп саналат.

Тизменин экинчи сабында кытай тили турат. Кытай тилинин мандарин диалектиси эң көп жайылып, дээрлик 1,2 миллиард адам ушул диалектини колдонот. Кытай тилин үйрөнүүнү каалагандар да мандарин диалектисин тандашат.

Ал эми үчүнчү орунда хинди тили турат. Ал тилде 60 млн адам баарлашат. Бул — Индияда эң көп колдонулган тил.

Төртүнчү орунда испан тили, ал 20дан ашык өлкөдө расмий тил деп таанылган жана жалпы 550 млн адам колдонот. Француз тилинде дээрлик 300 млн адам сүйлөп, ал Европада экинчи орунда турат.

Араб тили рейтингде алтынчы орунду ээлеген (275 млн адам бул тилде сүйлөшөт).

Бенгал тили жетинчи орунда (Индияда 273 млн адам ушул тилде сүйлөйт).

Португал тилин 264 млн киши колдонсо, орус тилинде дүйнөдө 255 млн адам сүйлөйт. Ал эми урду тилинде 232 млн адам баарлашат (негизинен Пакистан жана Индияда).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM