Биз менен байланышыңыз

Курман айтта өлкөдө 6 миңге жакын милиция коопсуздукту камсыздайт

Кыска кабар | 27 Июн 2023 | 144 | 0

Эртең, 28-июнда Курман айт майрамына карата Кыргызстандын аймагында 6 миңге чукул милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул күнү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Ошондой эле миңден ашык жол эрежелерин көзөмөлдөө кызматкери атайын посттордо көзөмөл жүргүзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM