Биз менен байланышыңыз

Жээнбай уулу: Бизнес үчүн маалыматтарды бирдиктүү базадан алуу маанилүү

Кыска кабар | 27 Июн 2023 | 376 | 0

Бүгүн, 27-июнда Экономика жана коммерция министрлиги, Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Кыргызстандагы долбоору менен уруксат берүүчү документтердин бирдиктүү электрондук базасын түзүү маселесине байланыштуу жыйын өткөрдү.

Иш-чарада 70тен ашык мамлкеттик орган менен бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышып, көйгөйлөрдү талкуулап, elicense.gov.kg порталы менен тааныша алышты. Бул портал аркылуу лицензия жана уруксат кагаздарын алууга болот.

JIA бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу бизнес үчүн маалыматты ыкчам жана бир булактан алуу маанилүү экенин белгиледи. Маалымат тиешелүү ыйгарым укуктуу орган же адам тарабынан тастыкталган болушу керек.

«Технологиялардын тез өнүгүшү менен мүнөздөлгөн заманда так маалыматка ээ болуу — бизнести өнүктүрүүнүн эң маанилүү куралы. Анткени ишенимдүү экономикалык маалымат болмоюнча натыйжалуу башкаруу же туура чечимдерин кабыл алуу мүмкүн эмес», — деди ал.

JIAнын жетекчиси Кыргызстанда «Лицензиялардын жана уруксат документтеринин маалымат порталын» түзүү абдан керек болгонун, эми маморгандар ишкердик субъекттеринен реестрде көрсөтүлбөгөн уруксат документтерин же лицензиялык жол-жоболорду аткарууну талап кылууга, сураганга укугу жок экенин белгиледи.

Бирок маалымат базасы жооптуу мамлекеттик органдар тарабынан тиешелүү деңгээлде жаңыланбай жатканын кошумчалады.

Уруксат берүүчү документтердин бирдиктүү электрондук системасы — уруксат берүүчү документтерди алуунун укуктук, жол-жоболук жана финансылык аспектилери жөнүндө толук маалыматты камтыган база.

Бүгүнкү күндө аталган реестрде 400дөн ашык уруксат берүүчү документ жөнүндө маалымат камтылган жана базаны толуктоо улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM