Биз менен байланышыңыз

Жапаров MadWay Rally жарышына келген туристтер менен жолукту (видео)

Кыска кабар | 27 Июн 2023 | 167 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында дүйнөнү кыдырып жүргөн белгилүү туристтердин тобу менен Соң-Көлдө жолукту.

Акылбек Жапаров дүйнөнүн ар тарабынан келген туристтер Кыргызстандын керемет жерлерин акысыз жарнама кылып берерин, аны менен туризм тармагы өнүгөрүн билдирди.

«Ушундай коноктор Кыргызстанга келсе, тоолуу аймактарыбызды, жайлоолорубузду, керемет жерлерибизди көрүп, бүт дүйнө жүзүнө таанытат. Муну менен чоң жарнама кылып берип жатат, биз өзүбүздүн меймандостугубузду көрсөтүшүбүз керек», — деди ал.

Кошумчалай кетсек, алар белгилүү «Кутурган Макс» (Безумный Макс) тасмасынын стилиндеги унаалар боюнча MadWay Rally жарышын Кыргызстанда өткөрүүдө.

Өлкөдө 24-июндан 1-июлга чейин MadWay Rally эл аралык долбоорунун алкагында мелдеш өтүүдө. Маалыматка ылайык, жыйырмадан ашуун унаа, мотоцикл жана багги Тянь-Шань тоолорунда 2 миң 500 чакырымдан турган аралыкта жарышка чыгат.

Кыргызстандагы деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктиктеги ашууларда, булуң-буйткасы, чукул бурулушу көп кыя жолдордо унаа жарыштыруу эң татаал болору айтылууда.

Жарышка катышкандардын көбү — ишкерлер. Мындай мелдештер буга чейин Монголия, Байкал жана Алтайда өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM