Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 33 жаштагы келин үч эм төрөдү

Кыска кабар | 27 Июн 2023 | 533 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкек шаардык перинаталдык борборунда 20-июнда 33 жаштагы келин үч эм төрөдү, алар бир уул жана эки кыз.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, биринчи наристе 1 кг 400 гр, ал эми кыздар 1 кг 740 гр жана 1 кг 690 гр салмакта төрөлгөн.

Бул келиндин экинчи кош бойлуулугу. Ымыркайлар төрөлгөндө үч күн реанимацияда жана интенсивдүү терапия  шартында болуп, абалы турукташкандан кийин кам көрүү бөлүмүнө которулган. Учурда апасынын жанында дарыланууну улантышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM