Биз менен байланышыңыз

«Бир айыл – бир продукт» долбоору Бишкекте да иштей баштайт

Кыска кабар | 27 Июн 2023 | 217 | 0

Бишкек шаарында «Бир айыл – бир продукт» долбоорун жүзөгө ашыруу чаралары иштелип чыгууда.

Борбор калаанын мэриясы кабарлагандай, долбоорду Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) консультациялык колдоого алган.

Ал жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда маалыматтык кампанияны өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча иш-чараларды камтыйт. Инвесторлорду жана ишкерлерди «Бир айыл – бир продукт» долбооруна ылайык продукцияларды өндүрүү жана аларды ички, эл аралык рынокто сатууга тартуу каралган.

Программа президенттин «Бир айыл – бир продукт» жарлыгын аткаруу максатында ишке ашырылууда.

Президент Садыр Жапаров быйыл март айында «Бир айыл — бир продукт» улуттук экономикалык долбоору жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Японияда иштелип чыккан долбоор өлкөнүн региондорун өнүктүрүү максатын көздөйт. Долбоор үч принциптен турат:

— өз күчүнө ишенүү жана креативдүүлүк,

— адам ресурстарын өнүктүрүү,

— жашаган жерине жараша ой жүгүртүү, бирок глобалдуу иштөө.

Долбоор өндүрүүчүлөрдүн көндүмдөрүн өнүктүрүүнү, продукцияны жергиликтүү жана эл аралык рыноктордо илгерилетүүнү, жергиликтүү бренддерди түзүүнү жана продукциянын баалуулугун жогорулатууну көздөйт.

Кыргызстанда бул долбоор бир нече жылдан бери Ысык-Көл облусунда ишке ашырылып келет жана жумуш орундарын түзүү, өндүрүлгөн продукцияны Японияга, Кытайга, Америка Кошмо Штаттарына жана Казакстанга экспорттоодон пайда алуу түрүндө оң натыйжаларды көрсөтүүдө.

Министрлер кабинетине «Кыргызстанда жасалган» (Made in Kyrgyzstan) улуттук брендин түзүү тапшырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM