Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 1-июлда Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

Кыска кабар | 27 Июн 2023 | 185 | 0

1-июлда Бишкектин Ала-Тоо аянтында «Чек талап кыл – байге утуп ал!» лотереясынын утуштары ойнотулат.

Буга байланыштуу саат кечки саат 18:00дөн түн ортосуна чейин Чүй проспектисинин Панфиловдон Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Утушка жалпы суммасы 6,1 млрд сомду түзгөн 6 млн 29 миң 756 ID-билет менен 233 миңден ашуун адам катышууда.

26-июндан 30-июнга чейин сканерден өткөн кассалык чектерге ID номерлер 1-июлда башкы байгени утууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк бериш үчүн 30-июндан 1-июлга караган түнү ыйгарылат.

26-июндан 30-июнга чейин 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук жана «Дайсон» маркасындагы 20 фен ойнотулат. Тактап айтканда, күн сайын 234 адам баалуу байгелердин ээси болушат.

Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы 14:00.

Негизги иш-чара 1-июлда «Ала-Тоо» аянтында өткөрүлүп, 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат. Утуштар шоу-концерт менен коштолот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM