Биз менен байланышыңыз

Самарадагы жол кырсыгында эки кыргыз, төрт өзбек жараны каза болду

Кыска кабар | 27 Июн 2023 | 929 | 0
Сүрөт: Орусиянын Ички иштер министрлигинин Самара облусу боюнча башкы башкармалыгы

Орусиянын Самара облусунда болгон жол кырсыгында 6 адам каза болуп, жети киши жараат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Окуя 27-июнга караган түнү саат 00:05 чамасында «Самара – Большая Черниговка» унаа жолунда болгон.

«Хонда» (минивен) жана «Хендай» унаалары кагышып, кырсыктын кесепетинен 6 адам көз жумган, анын экөө (1992-жылы жана 1979-жылы туулган бир эркек, бир аял) Кыргызстандын жараны, төртөө Өзбекстандын жараны болгон.

Жети адам (1988-жылы туулган, 1990-жылы туулган, 1993-жылы туулган, 1993-жылы туулган, 1994-жылы туулган, 1996-жылы туулган жигиттер, 2003-жылы туулган өспүрүм бала) ооруканага жаткырылган.

Кырсыктын себептери жана жагдайлары укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан аныкталууда.

Окуяны Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана Тышкы иштер министрлиги көзөмөлүнө алды.

Copyright © 2017 Maral FM