Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдөн 7 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Кыска кабар | 27 Июн 2023 | 172 | 0

Суучулдар Ысык-Көлдүн түбүнөн 7 тоннадан ашуун таштанды чыгарды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, суучулдар 91 күндөн бери Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулаган торлордон тазалоо иштерин улантууда.

Соңку бир апта ичинде Бостери айылындагы «Золотые пески», Чолпон-Ата шаарындагы «Лагуна», «Голубой Иссык-Куль», Ч.Айтматов атындагы «Рух-Ордо» маданий комплекси , Бактуу-Долоноту айылындагы «Ден-соолук», «Каприз» пансионаттарынын аймагындагы көлдүн түбү тазаланган.

Ушул жылдын 12-мартынан бери жалпы Ысык-Көлдүн акваториясынын 211 2254,59 гектар аянты тазаланып, суу астынан 7 тонна 505 кг таштанды, 96 миң метрге жакын балык уулоочу тор чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM