Биз менен байланышыңыз

Марат Казакпаевдин иши токтотулду

Кыска кабар | 20 Июн 2023 | 47 | 0

Саясий талдоочу Марат Казакпаевдин кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Марат Казакпаевге 2017-жылдын 2-февралында Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш боюнча айып тагылган.

Айыпталуучу 2022-жылдын 10-июнунда каза болгондугуна байланыштуу кылмыш иши өндүрүштөн токтотулду.

Эскерте кетсек, мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалган саясат талдоочу Марат Казакпаев 9-июнда УКМКнын тергөө абагынан ооруканага жеткирилип, эртеси күнү каза болгон.

Кийинчерээк Марат Казакпаевдин өлүмүнүн себептерин иликтеген комиссия түзүлүп, иш алып барган. Комиссия өз ишинин жүрүшүндө 12 отурум өткөрүп, анын бешөө УКМКнын тергөө абагында, жетөө өкмөт үйүндө өткөн. Соңунда комиссия анын өлүмүнө жагдайлардын трагедиялуу айкалышы алып келди деген алдын ала тыянакка келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM