Биз менен байланышыңыз

Рейд: Бир жумада 251 айдоочу кармалды

Кыска кабар | 22 Июн 2023 | 54 | 0

Өлкө  аймагында «Рульда»  аталышында рейд өткөрүлүп, 251  мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган мекеме жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында  13-июндан тартып, 19-июнга чейин өлкө аймагында рейддик  иш-чара өткөрүп,  бир жума ичинде 22 240 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныкташты.

Алардын ичинен:

-Мас абалында унаа башкаргандар 251 айдоочу;
-Көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашырып айдагандар 3529 айдоочу;
-Терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандар 65 айдоочу;
-Мамлекеттик номуру жок унаа айдагандар 37 айдоочу;
-Тийиштүү докумменттери жок унаа башкаргандар 209 айдочу;
-Кызматкерлердин токтотуу талабына баш ийбей кармалгандар 20 айдоочу;
-Коопсуздук курун тагынбагандар 4216 айдоочу;
-Башка жол эрежелерин бузуулар 13 913 айдоочу;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 1537  авто унаа убактылуу токтотуучу  айып короо жайына токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун  камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында мындай рейддик иш-чараларды мындан ары да  күчөтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM