Биз менен байланышыңыз

Бишкекти жылуулук менен камсыздоого Дүйнөлүк банктан кошумча насыя алынат (видео)

Кыска кабар | 27 Июн 2023 | 311 | 0

Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу максатында Дүйнөлүк банктан кошумча насыя алынат. Насыянын суммасы 6,9 млн доллар, төлөө мөөнөтү 50 жыл, жеңилдетилген мезгил 10 жыл, пайыздык чени 0%. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев депутаттардын Ысык-Көлдө өткөн көчмө жыйынында билдирди. 

Депутаттар Энергетика министрлиги сунушталган долбоорду колдошту. Мындан тышкары коммитеттин мүчөлөрү Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен коюлуп жаткан акылдуу эсептегичтер, жаңы трансформаторлор, СИП аба чубалгылары тартылган конуштарга барышты.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика тармагына алынган насыялар, гранттар аба чубалгыларын, трансформаторлоду, акылдуу эсептегичтерди сатып алууга жумшалып жаткандыгын жеринде көрсөтүп, алар тууралуу толук маалымат берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM