Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Кыска кабар | 27 Июн 2023 | 129 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Казакстандын президентинин жардамчысы Асет Исекешев менен жолугушуп, соода жүгүртүү, транзиттик жүк ташуу, логистика, күйүүчү май жана суу-энергетика тармактарындагы маселелер тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бакыт Төрөбаев биргелешкен аракеттердин аркасында кыргыз-казак кызматташтыгынын эки тараптуу актуалдуу маселелери деталдуу талкууланып, өз ара түшүнүшүү, ишеним жана колдоо деминде чечилип жатканын белгиледи.

«Соода жана транзиттик жүк ташуу чөйрөсүндө бүгүнкү күндө орун алып жаткан көйгөйлөрдү жана тоскоолдуктарды талкуулоо жана аларды чечүүнүн жолдорун табуу үчүн дайыма жолугушууларды өткөрүп туруу биз үчүн өтө маанилүү», – деди ал.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө суу-энергетика тармагындагы маселелер кеңири талкууланып, алар аймактагы суу жана энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо максатында «Камбар-Ата -1» ГЭСинин курулуш долбоору боюнча кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жыйынтыгында тараптар ишенимге негизделген достук жана бир туугандык байланыштар аркылуу биргелешип иш алып барууга макулдашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM