Биз менен байланышыңыз

Сейсмология институтунун жаңы имараты ачылды

Кыска кабар | 27 Июн 2023 | 160 | 0

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жаңы имараты ачылды. Ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Өз сөзүндө Жапаров Түркия менен Сириядагы жүздөгөн адамдын өмүрүн алган коркунучтуу жер титирөөлөрдү бүт дүйнө көргөнүн белгилеп, өлкөдө күчү 5-7 баллга жеткен жер титирөөлөр бир нече жолу болгонун, ошондуктан ар дайым «даяр» болушу керектигин эскертти.

Бул долбоор өкмөт, Борбордук Азиядагы Америка университети жана эл аралык донордук уюмдар тарабынан ишке ашкан.

Белгилей кетсек, атайын багыттагы эки кабат имарат институттун штаб-квартирасы жана илимий борбору катары пайдаланылып, толук кандуу илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө шарт түзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM