Биз менен байланышыңыз

«Кемпир-Абад иши»: Соттук угуулар жабык өтүүдө

Кыска кабар | 26 Июн 2023 | 122 | 0

Бүгүн, 26-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда «Кемпир-Абад иши» боюнча алдын ала соттук угуулар уланууда. Үчүнчү соттук отурум да жабык эшик артында өтүүдө.

«Кемпир-Абад иши» дээрлик сегиз ай тергелип, 19-июнда тергөөдөгү иштер сотко өткөрүлгөн.

Саясатчы, активист жана блогерлер 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Аларга Ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.

Кемпир-Абад иши: Рита Карасартова жана Атай Бейшенбек үй камагына чыгарылды

Copyright © 2017 Maral FM