Биз менен байланышыңыз

Ташкентте орусиялык ырчы Григорий Лепстин концерти болбой калды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Июн 2023 | 292 | 0

Орусиялык ырчы Григорий Лепстин быйыл 23-октябрда Ташкентте өтүшү керек болгон концерти болбой калды. Буга социалдык түйүндөрдө Лепстин концертин токтотууну талап кылган чакырыктар себеп болгону болжолдонууда. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Бир нече күн мурун блогер Мирзо Зомини өзүнүн Telegram каналы аркылуу #LepsKerakmas (#LepsNecessary) хештеги менен өнөктүк баштаган. Ал мындай демилгени ырчы Лепстин Украинадагы согушту колдогону менен түшүндүргөн.

«Өзбекстан ата-бабаңардан мураска калган же жоокерлериңерди сыйлаш үчүн акча чогулткан жер эмес. Анын Ташкенттеги концертинин баасы 150 миң сумдан 4 миллион сумга чейин (13-350 доллар) турат. Урматтуу өзбекстандыктар, постту болушунча бөлүшүңүз. Канкор машинени күйүүчү май менен камсыздоого жол бербегиле», — деп жазган блогер.

Бул билдирүүдөн бир нече күн өткөндөн кийин Григорий Лепстин концертинин афишасы Iticket.uz сайтынан өчүрүлгөн.

Мындан тышкары, орусиялык дагы бир ырчы Ирина Дубцованын да Ташкентте өтүшү керек болгон концерти токтотулганы айтылууда.

Буга чейин Лепстин Казакстандагы концерти да болбой калганы маалымдалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM