Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Казакстандын Алматы шаарында Борбор Азия өлкөлөрү жана Орусиянын коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышты.
Марат Иманкулов Ооганстанда тынчтыкка жетишүү, жаштардын радикалдашуусун болтурбоо максатында алар менен жигердүү иштөө, кесипкөй теологдорду жана дин кызматчыларын окутуу боюнча тажрыйба алмашуу маселесин иштеп чыгууну сунуштады.
Мындан тышкары киберкоопсуздук жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү, гибриддик коркунучтарга жана согуштарга каршы туруу боюнча тажрыйба алмашуу, чек ара мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты арттыруу зарылдыгын белгиледи.