Биз менен байланышыңыз

Сууга түшүүдө этият болуңуз, коопсуздук чараларына көңүл буруңуз

Коом | 27 Июн 2023 | 530 | 0

Жай мезгилинде көлгө жана бассейнге эс алууга баргандар көбөйгөнү менен баары коопсуздук чараларына көңүл бура бербейт.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүдө этият болууга, эрежелерди сактоого чакырат. Министрлик учурда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Атайын даярдыктан өткөн куткаруучулар да жетиштүү. 

Жайдын аптаптуу күндөрү көлдөргө, бассейндерге барып эс алуу көпчүлүктүн адаты, бирок дайыма эле коопсуздукка көнүл бурушпайт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Таалайбек Айткулов бүгүнкү күндө министрлик тарабынан аймактарда калктын коопсуздугун камсыздоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтты.

«Жай мезгилинин келиши менен адамдардын сууга түшүүсү башталат. Ушуга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан өзүбүздүн аймактык бөлүктөргө жергиликтүү бийлик органдары жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте калктын коопсуздугун сактоо максатында түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп жатат. Буга негиз болуп министрликтен тийиштүү телефонограммалар, тапшырмалар аймактык бөлүктөрүбүзгө жеткирилген. Биз тараптан коюлган тапшырмаларга ылайык, биздин аймактык бөлүктөр жер-жерлерде көлмөлөрдө, сууларда, атайын жабдылбаган көлмөлөрдө сууга түшүү кооптуу экени боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат».

Жайында көлдөрдө эле эмес, бассейндерде да адамдар чөгүп, өлүм менен аяктаган учурларда жок эмес. Былтыр июнь айында Бишкектеги «Ала-Тоо» аквапаркында сууга чөгүп көз жумган баланын окуясы маалым.

Айткулов министрликтин бассейндердеги коопсуздукту текшерүүгө укугу жок экенин, ар бир эс алуучу жайдын куткаруучу кызматкерлери болушу керектигин белгиледи.

«Бассейнди текшерүүгө бизде уруксат жок. Бирок сунуш иретинде иштер жүргүзүлөт. Өкмөттүн 2011-жылы бекитилген токтому менен «Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде адам өмүрүн коргоонун эрежелери» деген эреже бекитилген. Ага ылайык, ар бир көлмөнүн, бассейндин, пансионаттын ээлери талапка ылайык куткаруучуларды жумушка алышы керек. Ал эми бул кызматкерлер министрликтин суучулардар кызматынан даярдыктан өткөрүлөт».

Бишкектеги аквапарктардын биринин администратору Артур Мурзаев бассейнге 14 жашка чейинки өспүрүмдөр ата-энеси менен чогуу кирерин, ал эми аттракциондорго түшүүдө ата-энесинин ишеним катынын негизинде уруксат берилерин айтты.

Муну менен катар ал өзү иштеген аквапаркта куткаруучулар жетиштүү экенин айтып, талаптарга ылайык иш алып барарына ишендирди.

«Биздин бассейнге кичинекей балдардан баштап чоңдорго чейин келишет. 14 жашка чейинки балдарга ата-энеси менен гана кирүүгө уруксат берилет. Ал эми 14 жаштан жогору курактагылар чоң адам деп эсептелет. Ал эми коопсуздук жагына токтолсом, ар бир бассейндин жанында экиден куткаруучу көзөмөлдөп турат. Бир гана куткаруучулар эле эмес, биз да, башка кызматкерлер да ар бир келген эс алуучуну карап турабыз. Атайын сууга кантип түшүү керектиги камтылган эрежелерди илип койгонбуз».

Борбор калаада жайгашкан дагы бир бассейндин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Оксана Тимурланованын айтымында, ар бир келген эс алуучунун коопсуздугу каралып турат.

«Ар бир бассейндин айланасын куткаруучулар көзөмөлдөп турат. Биз администрация алардын үстүнөн да көзөмөлдөйбүз. Сууга кантип түшүп жатат? Сууга түшүү эрежелерин сактап жатышабы? Ошонун баарын карап турабыз. Техника жагын караган атайын кызматкерлер бар. Алар да убагында өз жумушун аткарышат. Бассейн жабылгыча, эс алуучулар кеткенге чейин техникалык коопсуздук көзөмөлдөнөт. Бизде ар кандай аттракциондун түрлөрү бар. Ал жакка жашына карап киргизилет. Жашы жетпесе, андай аттракциондорго ойной алышпайт».

Өткөн жылы июнь айында Бишкектеги аквапарктардын биринде 3-класстын окуучусу бассейнге чөгүп көз жумган. Окуучуларды класс жетекчилери алып барган. Баланын апасына балдарды эки ата-эне жана аквапарктын кызматкерлери көзөмөлдөп турат деп ишендиришкен. Бул окуядан кийин оюн-зоок парктарында көзөмөлдү күчөтүү талабы коюлган.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кардарларды эс алуу жана сууга түшүү эрежелерин сактоого чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM