Биз менен байланышыңыз

Саламаттык сактоо тармагына 10,6 млрд сом бөлүндү

Кыска кабар | 24 Июн 2023 | 91 | 0

Быйыл январь-май айларында саламаттык сактоо тармагына бюджеттен 10,6 млрд. сом бөлүндү. Тактап айтканда, бул көрсөткүч жылдык пландын 36,9%ын түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүсү жылдык планга карата 1,7 млрд. сомду же 36,0%ды түздү, анын ичинде:

  • эмгек акыга жана Соцфондго чегерүүлөргө — 440 млн сом;
  • гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө — 67,4 млн сом;
  • дары-дармектерди сатып алууга — 674,5 млн сом;
  • азык-түлүк сатып алууга – 17 млн сом сарпталды;

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 8,5 млрд. сом бөлүнду же 36,5%ын түздү, анын ичинде камсыздоо боюнча гемодиализ кызматтарына 883,5 млн. сом жумшалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM