Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Орусиядагы массалык мушташта беш адам жараат алды

Кыска кабар | 26 Июн 2023 | 585 | 0

Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы кыргыздар менен тажиктердин мушташы тууралуу 26-июнда маалымат берди.

23-июнда Орусиянын Иркутск облусунун Жигаловский районундагы газ кенинде Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда 500дөн ашык адам катышкан массалык мушташ болгон.

Кыргызстандын Оурсиядагы элчилиги жабыркагандар менен байланыш түзүп, Кыргызстандын 5 жараны ар кандай деңгээлдеги жараат алганы, алардын бири ооруканага жаткырылганы айтылды.

Бул факты боюнча Орусиянын укук коргоо органдары тергөө жүргүзүп жатат. Элчиликтин Иркутск шаарындагы консулу кыргызстандыктарга укуктук жардам көрсөтүү жана жергиликтүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүү үчүн окуя болгон жерге барган.

Copyright © 2017 Maral FM