Биз менен байланышыңыз

УКМК ишкерлерден акча талап кылууга шектелген бажычыны кармады

Кыска кабар | 26 Июн 2023 | 127 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бажы кызматынын алдындагы «Автомобильный» Түндүк-Чыгыш бажысынын бажылык тариздөө жери боюнча улук инспектору, майор Ж.у.М. кармалган.

Кызматкер мыйзамсыз баюу максатында, аталган бажылык тариздөө жери аркылуу өткөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM